ИЗОБАРА ПРОЦЕССИ
ИЗОБА́РА ПРОЦЕССИ – физикалык системада сырткы турактуу басым шартында өтүүчү термодинамикалык процесс. Ал термодинамикалык диаграммада изобара м-н сүрөттөлөт. Ачык идиште суунун кайнашы, кыймылдуу поршендүү цилиндрдеги газдын кеңейиши (кысылышы) изобара процессине жөнөкөй мисал. Эки учурда тең басым атмосфера басымына барабар. Туруктуу басым астындагы газдын көлөмүнүн температурага көз карандылыгы Л. Гей-Люссак тарабынан аныкталган. Берилген массадагы газдын көлөмү турактуу басымда температуранын жогорулашы м-н сызыктуу өсөт, башкача айтканда V/T=const, p=const, m= const. V1, T1 ж-а V2, T2 маанилери м-н мүнөздөлгөн эки абал үчүн изобара процесси төмөнкүчө жазылат: V1/V2 =T1/T2. Өтө төмөн температурада (–73°Сге жакын) Гей-Люссак закону аткарылбайт. Изобара процессинде системанын жылуулук сыйымдуулугу анын турактуу көлөм кезиндеги маанисинен чоң: С С =k, мында С ж-а С – изобара ж-а изохора процесстериндеги бир бөлүкчөгө туура келген жылуулук сыйымдуулуктары. Изобара процессинде идеалдуу газдын жасаган жумушу p.∆Vга барабар, мында p – басым, ∆V – газ көлөмүнүн өзгөрүүсү.