ЗООЛУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗООЛУ – күнөөлүү деп эсептелген, камакка алынган адамдардын колу-бутуна, моюнуна салына турган кишен. Ал жоон чынжырлар м-н бириктирилген бекиме темир билериктер түрүндө жасалган. Зоолунун колго, бутка же экөөнө тең салынуучу, ошондой эле бутка, колго, моюнга чогуу салынуучу түрлөрү болгон. Зоолунун билерикчелеринин ар биринин өзүнчө ачкычы болуп, бир зоолу эки, төрт ж-а беш ачкыч м-н ачылган. Зоолу салынган кишини ошо бойдон оор жумуш иштөөгө мажбурлашкан. Зоолу илгерки заманда Кытайда, Чыңгызхандын мамлекетинде, Иранда, падышалык Россияда сүргүнгө айдалган адамдарга кеңири колдонулган.