ЗООЛУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗООЛУ – күнөөлүү деп эсептелген, камакка алынган адамдардын колу-бутуна, моюнуна са­лына турган кишен. Ал жоон чынжырлар м-н бириктирилген бекиме темир билериктер түрүндө жасалган. Зоолунун колго, бутка же экөөнө тең салынуучу, ошондой эле бутка, колго, моюнга чогуу салынуучу түрлөрү болгон. Зоолунун билерикчеле­ринин ар биринин өзүнчө ачкычы болуп, бир зоолу эки, төрт ж-а беш ачкыч м-н ачылган. Зоолу салынган кишини ошо бойдон оор жумуш иш­төөгө мажбурлашкан. Зоолу илгерки заманда Кы­тайда, Чыңгызхандын мамлекетинде, Иранда, падышалык Россияда сүргүнгө айдалган адам­дарга кеңири колдонулган.