ЖЕТИ-ӨГҮЗ (Жети-Өгүз районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕТИ-ӨГҮЗ – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы кыштак. Жети-Өгүз айыл аймагынын борбору. Жети-Өгүз суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1760 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыштагынан 24 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 211 км. Калкы 3926 (2025); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, оорукана, амбулатория, дарыкана, клуб, китепкана, соода түйүнү бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакка жакын Жети-Өгүз курорту жайгашкан.