ЖЕТИ-ӨГҮЗ (Жети-Өгүз районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИ-ӨГҮЗ – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы кыштак. Жети-Өгүз айыл аймагынын борбору. Жети-Өгүз суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1760 м бийикте жайгашкан. Райондун бор­бору Кызыл-Суу кыштагынан 24 км чыгыш тарап­та. Балыкчы темир жол бекетинен 211 км. Калкы 3926 (2025); негизинен мал чарбасында эмгек­тенет. Орто мектеп, бала бакча, оорукана, амбу­латория, дарыкана, клуб, китепкана, соода түйүнү бар. Улуу Ата Мекендик согушта кур­ман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштак­ка жакын Жети-Өгүз курорту жайгашкан.