ЖЕНЕВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕНЕ́ВА – Швейцариядагы шаар. Женева кан­тонунун (администрациялык-аймактык бирдик) администрациялык борбору. Же­нева көлүнүн түштүк-батыш жээгиндеги адырлуу (бийиктиги 372 м) кооз жерде жайгашкан. Калкы 200,5 миң (2017, агломерациясында 496,4 миңдей); калкынын саны боюнча Цюрихтен кийинки 2-шаар. Ири жолдор тоому. Маанилүү темир жол түйүнү. Эл аралык авто­вокзалы жана аэропорту бар. Алгач Юлий Це­зарь тарабынан Генева деген ат менен эскерилет. Биздин замандын 400-жылында епископтук ыйгарылган. 14–15-кылымдарда ярмаркалары менен даңкталган, ки-

Шаардын жалпы көрүнүшү.

йинчерээк кредит-банк, 16-кылымда (Ж. Кальвиндин убагында) европалык реформациянын борборуна айланган. 19-кылымдын 2-жарымы 20-кылымдын башы­нан Европанын ар кайсы өлкөлөрүнөн келген революция эмигранттарынын ири борбору бол­гон. 1866-жылы 1-Интернационалдын 1-конгресси өткөн. 1907-жылы Женевада чиркөө мамлекеттен ажы­ратылган. Женева – Швейцария менен Европанын ири банк-финансы борбору. Машина куруу, так ме­ханика (геодезия аспаптары, так эсептөөчү при­борлор, медициналык аппараттар жана башкалар), саат (кээ бир фирмалары кымбат баалуу сааттарды жана зер буюмдарды чыгарат), химия, тигүү, текстиль, по­лиграфия, тамак-аш (негизинен шоколад, тамеки) өнөр жай ишканалары иштейт. Татымалдарды чы­гаруу боюнча дүйнөлүк лидерлердин бири. Женева – Европадагы парфюмерия өнөр жайынын маанилүү бор­бору. Университеттер, институттар, илим изилдөө институттары, калк китепканасы (2 млнго жакын китеп, анын ичинде 6,5 миң кол жазма сакталууда), асем искусство, ди­зайн жана саат жасоочу чеберлердин жогорку мек­тептери, консерватория, музейлер (искусство жана тарых, этнография, сүрөтчү Ж. Ж. Руссонун ж. б.), Гран-театр, «Виктория-холл» ири концерт залы бар. Көптөгөн эл аралык уюмдар (негизинен Улуттар лигасынын, Кызыл Крест, БУУнун бө­лүмдөрү, Бүткүл дүйнөлүк жана эл аралык көп­төгөн уюмдар) орун алган жай. Эл аралык конференциялар, жыйындар, мамлекет башчылары­нын жолугушуулары өткөрүлөт. Готика стилин­деги собор (12–14-кылымдар) жана ратуша, Сент-Мари Мадлен (14–15-кылымдар) жана Сен-Жерве (15-кылым) чиркөөлөрү, ратуша (15-кылым), ренессанс жана клас­сицизм стилиндеги курулуштар (17–19-кылымдар) сак­талган. Асма көпүрөсү бар. Музыкант-аткаруу­чуларын эл аралык конкурстары (1939-жыл­дан), жыл сайын Женева эл аралык автосалону, ойлоп табуулардын эл аралык көргөзмөсү, ан­тиквариат жана уникалдуу сааттардын аукцион­дору жана башкалар өткөрүлүп турат. Ботаникалык бак (5 млндон ашык өсүмдүктөр өстүрүлөт; тропика оранжерея­сы, көлмөлөр) уюштурулган. Шаардын аймагы­нын 20%тен ашыгын парк (анын ичинде Рона дарыясынын ортосундагы), гүлбактар жана бактар ээлейт. Шаардын четинде жүзүм айдалып, шарап жа­салат. Туризм өнүккөн.