ЖЕНЕВА
ЖЕНЕ́ВА – Швейцариядагы шаар. Женева кантонунун (администрациялык-аймактык бирдик) администрациялык борбору. Женева көлүнүн түштүк-батыш жээгиндеги адырлуу (бийиктиги 372 м) кооз жерде жайгашкан. Калкы 200,5 миң (2017, агломерациясында 496,4 миңдей); калкынын саны боюнча Цюрихтен кийинки 2-шаар. Ири жолдор тоому. Маанилүү темир жол түйүнү. Эл аралык автовокзалы жана аэропорту бар. Алгач Юлий Цезарь тарабынан Генева деген ат менен эскерилет. Биздин замандын 400-жылында епископтук ыйгарылган. 14–15-кылымдарда ярмаркалары менен даңкталган, ки-

йинчерээк кредит-банк, 16-кылымда (Ж. Кальвиндин убагында) европалык реформациянын борборуна айланган. 19-кылымдын 2-жарымы 20-кылымдын башынан Европанын ар кайсы өлкөлөрүнөн келген революция эмигранттарынын ири борбору болгон. 1866-жылы 1-Интернационалдын 1-конгресси өткөн. 1907-жылы Женевада чиркөө мамлекеттен ажыратылган. Женева – Швейцария менен Европанын ири банк-финансы борбору. Машина куруу, так механика (геодезия аспаптары, так эсептөөчү приборлор, медициналык аппараттар жана башкалар), саат (кээ бир фирмалары кымбат баалуу сааттарды жана зер буюмдарды чыгарат), химия, тигүү, текстиль, полиграфия, тамак-аш (негизинен шоколад, тамеки) өнөр жай ишканалары иштейт. Татымалдарды чыгаруу боюнча дүйнөлүк лидерлердин бири. Женева – Европадагы парфюмерия өнөр жайынын маанилүү борбору. Университеттер, институттар, илим изилдөө институттары, калк китепканасы (2 млнго жакын китеп, анын ичинде 6,5 миң кол жазма сакталууда), асем искусство, дизайн жана саат жасоочу чеберлердин жогорку мектептери, консерватория, музейлер (искусство жана тарых, этнография, сүрөтчү Ж. Ж. Руссонун ж. б.), Гран-театр, «Виктория-холл» ири концерт залы бар. Көптөгөн эл аралык уюмдар (негизинен Улуттар лигасынын, Кызыл Крест, БУУнун бөлүмдөрү, Бүткүл дүйнөлүк жана эл аралык көптөгөн уюмдар) орун алган жай. Эл аралык конференциялар, жыйындар, мамлекет башчыларынын жолугушуулары өткөрүлөт. Готика стилиндеги собор (12–14-кылымдар) жана ратуша, Сент-Мари Мадлен (14–15-кылымдар) жана Сен-Жерве (15-кылым) чиркөөлөрү, ратуша (15-кылым), ренессанс жана классицизм стилиндеги курулуштар (17–19-кылымдар) сакталган. Асма көпүрөсү бар. Музыкант-аткаруучуларын эл аралык конкурстары (1939-жылдан), жыл сайын Женева эл аралык автосалону, ойлоп табуулардын эл аралык көргөзмөсү, антиквариат жана уникалдуу сааттардын аукциондору жана башкалар өткөрүлүп турат. Ботаникалык бак (5 млндон ашык өсүмдүктөр өстүрүлөт; тропика оранжереясы, көлмөлөр) уюштурулган. Шаардын аймагынын 20%тен ашыгын парк (анын ичинде Рона дарыясынын ортосундагы), гүлбактар жана бактар ээлейт. Шаардын четинде жүзүм айдалып, шарап жасалат. Туризм өнүккөн.