ЖАҢЫ-ПАХТА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАҢЫ-ПАХТА – Чүй облусунун Сокулук районундагы кыштак. Жаңы-Пахта айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 585 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сокулук кыштагынан 35 км түндүк тарапта. Шопоков темир жол бекетинен 33 км. Кыштак 1933-жылы негизделген. Калкы 4416 (2025); негизинен мал чарбасы менен алектенет. Орто мектеп, оорукана, дарыкана, бала бакча, маданият үйү, китепкана, ашкана, турмуш тиричилик кызматынын бөлүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.