ЖАҢЫ-ПАХТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-ПАХТА – Чүй облусунун Сокулук районун­дагы кыштак. Жаңы-Пахта айыл аймагына ка­раштуу. Деңиз деңгээлинен 585 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сокулук кыштагынан 35 км түндүк тарапта. Шопоков темир жол бекетинен 33 км. Кыш­так 1933-жылы негизделген. Калкы 4416 (2025); не­гизинен мал чарбасы менен алектенет. Орто мек­теп, оорукана, дарыкана, бала бакча, маданият үйү, китепкана, ашкана, турмуш тиричилик кызма­тынын бөлүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик со­гушта курман болгондорго эстелик тургузулган.