ЖАҢЫ-ЖЕР ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-ЖЕР ТООСУ Ички Теңир-Тоодогу Жаңы-Жер менен Мүдүрүм өрөөндөрүнүн аралыгында. Бор­колдой тоосунун батыш уландысы. Узундугу 104 км;

туурасы 17 км. Көбүргөндү-Бел менен Келин-Тай­гак өрөөнүнөн батышка Кынды ашуусу менен Үйүрмө өрөөнүнө чейин созулат. Орточо бийиктиги 4000 м, эң бийик жери 4844 м. Тоонун аймагы девон жана карбон мезгилдеринин сланец, кум­дук, акиташ тектеринен түзүлгөн. Түштүк капта­лында, адырларда палеогендин кызыл конгло­мераттары чыгып турат. Рельефи альп тибин­де. Батышка карай жапыздайт, капталдары өрөөндөр (Кең-Суу, Кашка-Суу, Ак-Байтал ж. б.) менен тилмеленген. Байыркы муз каптоонун из­дери көп. Азыр да түндүк беттеринде (Аюу-Төр, Суусар-Төр) мөңгүлөр бар. Бийик тоолуу талаа (3300–3600 м), субальп (3600–3900 м), альп шал­баалуу талаа жана субнивалдык (3900–4200 м) ландшафттар мүнөздүү. Түндүк бетинде жана өрөөн­дөрдө сейрек жапалак арча өсөт.