ЖАҢЫ-ЖЕР ТООСУ
ЖАҢЫ-ЖЕР ТООСУ Ички Теңир-Тоодогу Жаңы-Жер менен Мүдүрүм өрөөндөрүнүн аралыгында. Борколдой тоосунун батыш уландысы. Узундугу 104 км;

туурасы 17 км. Көбүргөндү-Бел менен Келин-Тайгак өрөөнүнөн батышка Кынды ашуусу менен Үйүрмө өрөөнүнө чейин созулат. Орточо бийиктиги 4000 м, эң бийик жери 4844 м. Тоонун аймагы девон жана карбон мезгилдеринин сланец, кумдук, акиташ тектеринен түзүлгөн. Түштүк капталында, адырларда палеогендин кызыл конгломераттары чыгып турат. Рельефи альп тибинде. Батышка карай жапыздайт, капталдары өрөөндөр (Кең-Суу, Кашка-Суу, Ак-Байтал ж. б.) менен тилмеленген. Байыркы муз каптоонун издери көп. Азыр да түндүк беттеринде (Аюу-Төр, Суусар-Төр) мөңгүлөр бар. Бийик тоолуу талаа (3300–3600 м), субальп (3600–3900 м), альп шалбаалуу талаа жана субнивалдык (3900–4200 м) ландшафттар мүнөздүү. Түндүк бетинде жана өрөөндөрдө сейрек жапалак арча өсөт.