ДИНАРА ТАЙПАК ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИ́НАРА ТАЙПАК ТООСУ Балкан жарым аралында. Узундугу 650 кмдей, туурасы 230 кмге чейин. Орто бийик тоолор басымдуу, эң бийик жери 2692 м (Түндүк Албания Альп тоосундагы Езерца чокусу). Не­гизги кырка тоолору жана массивдери (Веле­бит, Динара, Дурмитор, Копаоник ж. б.) түндүк- батыштан түштүк-чыгышка карай Адрия деңи­зин жээктей созулуп жатат. Түндүк-батыш бөлү­гү акиташ тоо тегинен түзүлүп, карст кубулушу өтө өөрчүгөн, чыгышындагы тоолор негизинен сланец жана акиташ тоо тектеринен турат. Жер ортолук деңиз бадалы, эмен-бук жана ийне жалбырактуу токой, тоолуу талаа өсүмдүктөрү жана дайыма жашыл бадалдар өсөт. Боксит, күрөң көмүр, темир, жез, калай ж. б. кендери бар.