ДИНАРА ТАЙПАК ТООСУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДИ́НАРА ТАЙПАК ТООСУ Балкан жарым аралында. Узундугу 650 кмдей, туурасы 230 кмге чейин. Орто бийик тоолор басымдуу, эң бийик жери 2692 м (Түндүк Албания Альп тоосундагы Езерца чокусу). Негизги кырка тоолору жана массивдери (Велебит, Динара, Дурмитор, Копаоник ж. б.) түндүк- батыштан түштүк-чыгышка карай Адрия деңизин жээктей созулуп жатат. Түндүк-батыш бөлүгү акиташ тоо тегинен түзүлүп, карст кубулушу өтө өөрчүгөн, чыгышындагы тоолор негизинен сланец жана акиташ тоо тектеринен турат. Жер ортолук деңиз бадалы, эмен-бук жана ийне жалбырактуу токой, тоолуу талаа өсүмдүктөрү жана дайыма жашыл бадалдар өсөт. Боксит, күрөң көмүр, темир, жез, калай ж. б. кендери бар.