ДЕНУДАЦИЯ
ДЕНУДА́ЦИЯ (латынча denudatio – сыйруу, ачып жайдактоо) – тышкы күчтөрдүн таасиринен тоо тектердин үбөлөнүп талкалануу, төмөн шиленүү жана ойдуӊ жерлерге, түздүктөргө топтолуу процесси. Шамалдын, жаан-чачындын, агын суулар менен океан жана деӊиздердин, муз жана мөӊгүлөрдүн аракетинен жер бетиндеги тоо тектердин үстүнкү кабаттары тынымсыз талкаланып турат. Үбөлөнгөн тектер каптал ылдый кулайт, аларды нөшөр жамгыр шилеп агызат, шамал учурат, агын суулар эзет, эритет, майдалайт, мөӊгүлөр жылган кезде жышылып, жылмаланат, деӊиз толкуну өзү менен кошо ала келет. Талкаландылар түзөӊ жерлерге топтолуп, чөкмө тектердин катмарлары пайда болот. Бул процесстер климаттын өзгөрүшү жана тектоникалык кыймылдар менен тыгыз байланыштуу. Узак убакыт бою денудация болгон тоолуу жерлерде чокулар, кырлар талкаланып, төмөндөйт, дарыя өрөөндөрү, кокту-колот кеӊейип, жер бетинин түзүлүшү өзгөрөт. Натыйжада майда дөӊсөөлүү д е н у д а ц и я л ы к т ү з д ү к т ө р пайда болот.