ДЕНУДАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕНУДА́ЦИЯ (латынча denudatio – сыйруу, ачып жайдактоо) – тышкы күчтөрдүн таасиринен тоо тектердин үбөлөнүп талкалануу, төмөн шиле­нүү жана ойдуӊ жерлерге, түздүктөргө топтолуу процесси. Шамалдын, жаан-чачындын, агын суулар менен океан жана деӊиздердин, муз жана мөӊгүлөрдүн аракетинен жер бетиндеги тоо тектер­дин үстүнкү кабаттары тынымсыз талкаланып турат. Үбөлөнгөн тектер каптал ылдый кулайт, аларды нөшөр жамгыр шилеп агызат, шамал учурат, агын суулар эзет, эритет, майдалайт, мөӊгүлөр жылган кезде жышылып, жылмала­нат, деӊиз толкуну өзү менен кошо ала келет. Тал­каландылар түзөӊ жерлерге топтолуп, чөкмө тектердин катмарлары пайда болот. Бул про­цесстер климаттын өзгөрүшү жана тектоникалык кый­мылдар менен тыгыз байланыштуу. Узак убакыт бою денудация болгон тоолуу жерлерде чокулар, кыр­лар талкаланып, төмөндөйт, дарыя өрөөндөрү, кокту-колот кеӊейип, жер бетинин түзүлүшү өзгөрөт. Натыйжада майда дөӊсөөлүү д е н у­ д а ц и я л ы к т ү з д ү к т ө р пайда болот.