«ЖУҢГАРИЯ МЕНЕН ЧЫГЫШ ТҮРКСТАНДЫН БАЙЫРКЫ ЖАНА АЗЫРКЫ УЧУРДАГЫ АБАЛЫ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ЖУҢГАРИЯ (ЧЖУНЬГАРИЯ) МЕНЕН ЧЫГЫШ ТҮРКСТАНДЫН БАЙЫРКЫ ЖАНА АЗЫРКЫ УЧУРДАГЫ АБАЛЫ» – орус чыгыш таануучусу Н. Я. Бичуриндин (Иакинф) байыркы жана соңку кытай тарыхынан орус тилине которгон котормосу. Котормонун негизин байыркы Хань династиясынын (б. з. ч. 202–б. з. 220) тарыхынын (Цянь Хан шу) 96-бөлүмү, «Батыш аймактар тууралуу баяндама» (Си юй чжуань), 1777-жылы басылып чыккан «Батыш аймактар жөнүндө көргөндөр жана уккандар тууралуу жазмалар» (Си юй вэнь цзянь лу), ошондой эле XVIII кылымда расмий жыйнакталган «Жогорку даражалуу буйрук менен басылып чыккан Улуу Цинь империясынын толук баяндамасы» (Юй чжи Да Цин и тун чжи) аттуу тарыхый-географиялык булактар түзгөн. Бул котормону Н. Я. Бичурин алгач 1821-жылы, Кытайдан кайтып келгенден кийин жарыялай баштаган жана ал өз алдынча китеп болуп 1829-жылы жарык көргөн. Китептин башында Н. Я. Бичурин өзүнүн атынан кириш сөз жазып, анда байыртан бери Борбордук Азияны мекендеп келген көптөгөн уруулардын (эл) аталышы тууралуу кеңири түшүндүрмө берип, анын ичинде кыргыз (кэргиз)-кайсактар (казактар) менен накта кыргыздарды (котормочу боюнча «кхара» же «жапайы кэргиз») бири-биринен айырмалоого аракет кылган. Мындан тышкары алфавиттик тартипте байыркы жерлердин (тоо, өрөөн, өзөн-суу, шаарлар) аталышын түшүндүрүү үчүн атайын топонимикалык сөздүк келтирген. Ошондой эле Кытайдын династиялык тарыхтарында камтылган жакынкы жана алыскы (даван, каңгүй, юэчжи, усун ж.б.) ээликтер (өлкө), аларды башкарган адам турган борборго чейинки аралык, жашаган калк жана аскеринин болжолдуу саны сыяктуу тарыхый жана этнографиялык маалыматтар кезигет. Хань дооруна тиешелүү кабарларда Кытайга коңшулаш жайгашкан 50гө жакын өлкө тууралуу айтылса, сегиз бөлүмдөн (жуань) турган  «Си юй вэнь цзянь луда» Жуңгар хандыгы жоюлгандан кийин Кытайга каратылган ээликтердин тарыхый жана географиялык абалы сүрөттөлөт. «Чет ээликтер» деген бөлүмдө жалпы Түркстандагы уруулардын бири болгон кыргыздар (буруттар) Анжиян жана Кашкардын орто ченинде жашап, жери Иле суусуна чейин экенин, аларды бийлер бийлеп, эли жакыр, бирок баатыр; өлүмдү тоотой, пайдакеч болушарын; ач көз жана каракчы, согушта каармандык кылып; түтөтмө мылтык жана бакан найза менен түз талаадан куюндай чыгып, капысынан кол саларын, артка качпай турганын; казактар менен болорлор (Бадахшан, Памир тарапта жашаган уруулар) алардан аябай коркуп, ал эмес күч-кубатка толуп турган кезинде жуңгарлар да аларды багындыра албай койгону  айтылат. Үчүнчү, төртүнчү бөлүмдөрүндө («Тышкы ээликтердин баяны») жакынкы жана алыскы коңшу өлкөлөр (Россия, Кашмир, Бадахшан) жөнүндө кыскача кабарлар берилет. «Батыш чек аралардагы окуялардын тарыхы» деп аталган бешинчи жана алтынчы бөлүмдө Чыгыш Түркстанды Кытайга каратуудагы маанилүү окуялар айтылат. «Түркстандыктардын каада-салттары» аттуу жетинчи бөлүмдө этнографиялык мүнөздөгү маалыматтар, ал эми «Жаңы линиядагы жолдор тууралуу» деген сегизинчи бөлүмдө Чыгыш Түркстан аркылуу башка аймактарга кеткен жолдордун аралыгын көрсөткөн таблицаларды камтыйт. Бул котормо жалпы Борбордук Азия, ошондой эле Кыргызстан жана кыргыздарын тарыхын окууда өзгөчө маанилүү булактардын бири болуп эсептелет.

Ад.: Описание Чжуньгарии и Восточного Туркистана в древнем и нынешнем состоянии /переведено с китайского монахом Иакинфом. СПб., 1829.