737-бет 2-бөлүк
Part2 556-бет


чокуларын жердегендер» (реж. Д. Эрдман), ж. б. фильмдер кеңири белгилүү болгон. Кыргыз документ киносунда биринчи жолу жабык камера ж-а үн чыгаруучу эффекттер колдонулуп, «Заводдогу жолугушуулар» (реж. Ю. Герштейн, 1963), «Күн карагандар» (реж. А. Видугирис, И. Моргочев, 1963), «Мен жана менин досторум» (реж. Л. Турусбекова, 1960), «Тоо дарыялары»,
«Акын» (реж. М. Убукеев, 1960) – кыргыз элинин турмушун поэтикалык формада чагылдырган фильмдер жаралган. Кыргыз эл сүрөтчүсүнө арналган «Сүрөтчү Чуйков» (реж. И. Герштейн),
«Манас» эпосунун сюжети б-ча «Улуу эпос» (реж. Л. Турусбекова) фильмдери тартылган (экөө тең 1962). Улуу манасчы С. Каралаев ж-дөгү Б. Шамшиевдин «Манасчы» фильми (1965) Оберхаузенде өткөн ЭКФде башкы сыйлыкка татыктуу болгон. Режиссёр фильмде С. Каралаевдин айтуусундагы «Чоң казатты» тарыхый фотодокументтер м-н көркөмдөгөн. Кийин «Манасчы» (реж. М. Убукеев, 1989), «Кааба» (реж. Ш. Апылов, 1992), «Менин пирим Алмамбет» (реж. Э. Абдыжапаров, 1993) фильмдери тартылган. 1960–70-жылдары режиссёрлор замандаштарынын ички дүйнөсүн толук ж-а көп кырдуу изилдөөгө
умтулган – 1965-ж.: «ПСП» (реж. А. Видугирис,
Д. Асанова), «Гиппократтын анты» (реж. И. Горелик); 1966-ж.: «Бул – аттар» (реж. Т. Океев),
«Саякбай Каралаев», «Советтер Союзуна кызмат кыламын» (реж. М. Убукеев); 1967-ж.: «Кумдагы сепил» (реж. А. Видугирис), «Кыял» (реж. Ш. Апылов), «Нарын жылдыздары» (реж. Б. Абдылдаев); 1968-ж.: «Чыңгыз Айтматов (реж. Герштейн); 1969-ж.: «Боом» (1970, «Мурас» (реж. Т. Океев). Б. Шамшиевдин «Чабан» (1966) фильми чыккандан кийин Кырг-нда документ кинонун өнүгүшүнүн жаңы этабы башталып,
«Бакча» (1967), «Почта» (1971, реж. Б. Абдылдаев,), «Вахта» (1968), «Нарын күндөлүгү» (1972, А. Видугирис), «Ээрди бекем карма», «Ала-Тоо жазы» (1971), «Чүй өрөөнү» (1973, реж. Д. Садырбаев) ж. б. документ фильмдер тартылган. 1970-ж. кинопортрет жанрындагы фильмдер жарала баштаган: «Гитара» (1973, М. Жыргалбаев) – кыргыз гитаристи Д. Назарматовдун портрети; «Искусство баяны» (1974, Г. Базаров);
«Айтматов» (1989, реж. Г. Базаров), «Ааламга тең өмүр» (1999, Т. Ибрагимов), «Айтматов Германияда» – үчөө тең Ч. Айтматовдун кинопортреттери; «Отто Барч» (1974, реж. К. Абдыкулов) – белгилүү спортсмен ж-дө; «Делегат» (1976, реж. К. Орозалиев) – тигүүчү, КПССтин
25-съездинин делегаты Т. Сагынбаева ж-дө; Б. Кыдыкеева (1977, реж. Л. Турусбекова) – белгилүү актрисанын портрети ж. б., о. эле жумушчуларга жасалган камкордук ж-дөгү даректүү кинолор чыккан. 1980-жылдарда документалисттер өндүрүштүк темада көптөгөн фильмдерди тартышкан. «Лава» (1970, реж.
Ү. Ибрагимов); «Ширетүүчүлөр» (реж. Ш. Апылов), «Эмне үчүн сыйлык?» (реж. Герштейн),
«Ким «макул», ким «каршы» (реж. С. Давыдов),
«Оштук токуучулар» (реж. К. Усупжанов) – бардыгы 1973-ж.; «Кадимки рейс» (1976, реж. И. Кокеев) ж. б. Респ-кадагы гидрокурулуш темасындагы фильмдер: «Бетон жөнүндө аңгеме» (1972, реж. ж-а оператор С. Давыдов), «Токтогул ГЭСинен хроника» (1974, реж. Рахматулин),
«Токтогул көлү – биринчи күн» (1976) ж-а «Тынчы жок күндүн жылында» (1977, реж. А. Видугирис). Ошону м-н бирге социалисттик реализмден четтеген жаңы күтүүсүз мазмундагы фильмдер пайда болгон. Мындай фильмдерге режиссёрлор К. Юсупжанованын «Малчы менен туман», «Жолборс жайлоодон эки койду көтөрүп кетти», Ш. Апыловдун «Кыйыр», К. Абдыкуловдун «Жорго», «Тушамыш», Ш. Жапаровдун «Космонавттын конушу», К. Кыдыралиевдин «Бешик» (скульптор Т. Садыков ж-дө) ж. б. фильмдер кирет. 1990-жылдан тартып Кырг-ндын коомдук турмушундагы жаңылануулар К. к-нда да өзгөрүүлөрдү жараткан. Э. Абдыжапаровдун
«Бекет» (1994), «Таранчы» (1997), «Алдей»,
«Альгамбра» (2000), Т. Бирназаровдун «Ыйлаба, керик» (1994), «Шайтан көпүрө», «Жайык» (1995), Б. Айткулиевдин «Терезе» (1995), А. Абдыкуловдун «Селкинчек» (1995) фильмдеринде адамдардын өткөөл мезгилдеги кыйынчылыктарды жеңүү аракети чагылдырылган. 2000- жылдары даректүү фильмдерди тартуу бир топ жанданып, «Жараткан менен атаандашып» (реж. М. Жыргалбаев, 2007), «Айтматов жана көрүүчү», «Боордош» (реж. Р. Шаршенов, 2008),
«Кадыржан», (реж. Б. Абдылдаев, 2008), «Гүлдастан» (реж. Н. Борбиев, 2010), «Тоо ханышасы» (реж. З. Эралиев, 2010) ж. б. даректүү фильмдер тартууланган.
1927-ж. «Өзбеккино» студиясы тарабынан Кырг-нда алгачкы «Чүмбөттүү араба» көркөм фильми (реж. О. Фрелих) тартылган. Андан кийин 1936-ж. «Союздетгизфильм» киностудиясынан балдардын окуялуу «Айгүл» (реж. Ю. Васильчиков) көркөм фильми чыккан. Бул фильмдер экранга чыккан мезгилде Кырг-нда киностудия болгон эмес. 1950-ж. Фрунзе хроникалык-документ фильмдер студиясында көркөм фильмдер тартыла баштаган. 1955-ж. респ-канын экрандарында «Мосфильм» киностудиясы м-н биргелешип тартылган «Салтанат» (реж.
Б. Пронин) фильми коюлган. «Салтанат» – кыргыз көркөм киносунда улуттук кинематографиянын өнүгүшүнө жол ачкан фильм. 1956-ж. хроникалык-документ фильмдердин киностудиясы документ-көркөм фильмдердин студиясы болуп кайра уюшулган. Студияда ал жылдары «Менин жаңылыштыгым» (1957, реж. И. Кобызев), «Токтогул» (1959, реж. В. Немоляев),
«Алыскы тоолордо» (1958, реж. А. Карпов),
«Муз жүрөк жөнүндө баян» (1958, реж. А. Сахаров, Э. Шенгелая), «Чолпон – таңкы жылдыз» кино-балети (1959, реж. Р. Тихомиров),
«Тянь-Шань кызы» (1959, реж. А. Очкин) фильмдери коюлган. 1950–60-жылдары сырттан атайы
чакырылган режиссёрлордун ж-а «Мосфильм»,
«Ленфильм», «Казакфильм» киностудияларынын чыг-лык иштиктүү жардамы м-н жаш кыргыз киносу эл аралык деңгээлге көтөрүлгөн:
«Муз жүрөк жөнүндө баян» (1960, реж. Э. Шенгелая ж-а А. Сахаров), «Аптап» (1962, реж. А. Шепитько), «Биринчи мугалим» (1965, реж. А. Михалков-Кончаловский, «Мосфильм» м-н бирге) ж. б. Фрунзе киностудиясы 1961-ж. «Кыргызфильм» киностудиясы болуп түзүлгөн. 1960- жылдары кыргыз улуттук киноискусствосунун
өсүшүнүн башталышы болду. ВГИКтин ж-а
жогорку режиссёрдук курстун бүтүрүүчүлөрү М. Убукеев, Т. Океев, Б. Шамшиев, Г. Базаров ж. б. алгачкы чыгармаларын жаратышкан. М. Убукеевдин «Тайгак кечүү» (1964) фильминде 1916-жылдагы үркүндө кыргыз элинин майтарылбас эрки, кеменгерлиги чагылдырылган.
1966-ж. Т. Океев алгачкы «Бакайдын жайыты» фильмин тартып, анда кыргыз элинин жашоотурмушундагы өзгөчөлүктөрдү көркөм сүрөттөгөн. Ата конушу, жаштардын жаңы келечекке умтулуусу фильмдин башкы өзөгүн түзөт. «Уркуя» (1970) фильмине Токтогул атн. мамл. сыйл. ыйгарылган. К. к-нун эле эмес, чет өлкөлүк кинонун өнүгүшүнө да улуттук ад-ттын, айрыкча
Ч. Айтматовдун чыгармалары зор таасир тийгизген: «Саманчынын жолу» (реж. Г. Базаров, 1967); «Ак кеме» (реж. Б. Шамшиев, 1975; Фрунзеде өткөн кинофестивалдын чоң байгеси, 1976; СССР мамл. сыйл., 1977 ж. б.); «Кызыл алма» (реж. Т. Океев, 1975; Локарнодогу, Швейцария ЭКФтин ардак диплому, 1975). «Аптап» (реж. Л. Шепитько, 1961), «Жамила» (реж. И. Поплавская, 1969, «Мосфильм»), «Гүлсарат» (реж. С. Урусевский, 1969, «Мосфильм»); «Сүйүү жаңырыгы», «Эрте жаздагы турналар» (реж. Б. Шамшиев 1975; 1979, «Ленфильм», «Кыргызфильм»), «Кызыл жоолук» (реж. Й. Дуру, 1979, Түркия), «Фудзиямадагы кадыр түн» (реж. Б. Шамшиев, 1989); «Жамила» (реж. М. Тейбер, 1994, АКШ); «Ак булуттун артында» (реж. С. Тарасов, 2009), Россия; «Теңир. Көк асман» (реж. М.-Ж де Пошевиль, 2008, Франция-Германия-Кыргызстан) ж. б. Кыргыз режиссёрлору казак ад-тынын классиги М. Ауэзовдун чыгармалары б-ча «Караш-караш окуясы» (реж. Б. Шамшиев, 1968), «Көк серек» (реж. Т. Океев, 1973) фильмдерин тартышкан. 1970-ж. «Кыргызфильм» студиясында «Көчө», «Көз кареги» (реж. Г. Базаров, 1973), «Айсулуунун талаасы» (1977), «Таштагы жылмаюу» (реж. У. Ибрагимов, 1975), «Шаркыратма» (реж. Ю. Борецкий, 1974), «Улан» (реж. Т. Океев, 1977), «Процесс» (реж. Ж. Сооданбек, 1980) ж. б. кинофильмдер жаралган. 1980-ж. Т. Океевдин «Ак илбирстин тукуму», Б. Шамшиевдин «Бөрү зындан», М. Убукеевдин «Элет окуясы», Г. Базаровдун
«Аномалия», «Биринчи» фильмдери тартылган.
СССРдин урашы м-н кино өндүрүшүндө кризис башталган: мамлекеттен каржылануучу киностудияларда каражаттын тартыштыгынан фильм тартуу кескин азайган. Жаңы муундагы А. Арым Кубат, Э. Абдыжапаров, Б. Карагулов, Марат Сарулу сыяктуу режиссёрлор кыргыз киносун эл аралык деңгээлге чыгарышты. А. Арым Кубат «Селкинчек» (1993), «Бешкемпир» (1998) фильмдери кыргыздардын ички дүйнөсүн ачып көрсөтүү м-н К. к-нда бүтүндөй символдошкон образды түзгөн. 1994-ж. республикада 16 чакан кино ишкана иштеген: «Хан Теңири», «Келечек», «Салам-Алик», «Седеп»,
«Бешкемпир», «Ой-Арт» ж. б. Булардан «Үйүң кайда үлүл?», «Асан-Үсөн» (реж. А. Арым Кубат), «Квартирант», «Запкы» (реж. Б. Айткулиев), «Келесоолор поезди» (реж. М. Байжиев),
«Шайтандын мөөрү» (реж. З. Эралиев) ж. б.
фильмдер тартылган. 2001-ж. «Кыргыз кинематографиясына мамл. колдоо көрсөтүү жөнүндө» мыйзам кабыл алынгандан кийин улуттук кинематографиянын мамл. камкордукка алынышы К. к-нун эл аралык деңгээлге чыгышына мүмкүнчүлүк берди. 2001-ж. «Маймыл» (реж. А. Арым Кубат, «Ное Продаксьон», Франция, «Бешкемпир» студиясы) фильминин Канн фестивалынын конкурстук программасында дүйнөлүк бет ачары болду. «Менин бир тууганым – Жибек Жолу» (реж. М. Сарулу, «Кыргызфильм», Арт-студия «Кумай», «Кино» казак фирмасы) фильми, 2002-ж. аягында «Кыргызфильмде» «Таксист» («Булут», реж. Э. Салиев), 2004-ж. «Айыл өкмөтү» (реж. Э. Абдыжапаров) фильмдери экранга чыкты. 2005-ж. февралда Берлинде ЭКФке катышкан). 2006-ж. реж. Н. Эгендин «аталар керээзи» фильми [(«МАСТ productions»

(франция), «Thoke Motbius (Германия), «Пигмалион» (Россия), «Санжыра» (Кырг-н)] Лос-Анжелесте өткөн «Yong Artists Awards» – «Эң мыкты чет өлкөлүк драма» байгесине татыган 2007-ж. «Боз салкын» (реж. Э. Абдыжапаров), «Сүйүүнүн асманы» (реж. А. Абдыкалыков) фильмдери тартылган. Фильмдер «Евроазия-4», Коттбус-2007 ЭКФтин бир нече жолку лауреаты болгон. 2008–10-ж. «Петрарканы окуу» (реж.Н. Абдыкадыров), «Белгисиз маршрут» (реж. Т. Бирназаров), «Уурунун махабаты» (реж. Э. Абдыжапаров), «Свет аке» (реж. А. Арым Кубат) фильмдери экранга чыккан.
А. Пазылов.