657-бет 2-бөлүк
Part2 556-бет
тары эң баалуу кендер болуп саналат. Табиятта күкүрт кальций ж-а магний сульфаттары катары да кеңири таралган. К-түн бирикмелери өсүмдүк ж-а жаныбар организминде да кездешет. Жер кыртышында К-түн жалпы саны 5.10–2 %ти түзөт. К-тү негизинен темир колчеданынан FeS2 ж-а түстүү металлдардын күкүрттүү бирикмелери бар полиметалл кендерден да алууга болот.
К. – кадимки шартта 118,9°Сде б. эрүүчү, сары түстөгү морт кристалл. Ал сууда эрибейт, бирок бензолдо ж. б. орг. суюктуктарда жакшы эрийт. К-түн молекуласы 8 атомдон (S ) турат. 444,6оСде кызыл-саргыч бууну пайда кылуу м-н кайнайт. К-түн буусунда темп-ра жогорулаган сайын молекуладагы атомдордун саны улам азайып S8 – S6 –S4 –S2 – S, 800° – 1400°Сде молекула бир гана атомдон турат. К. Cu, Fe, Zn м-н түздөн-түз аракеттенип, көп сандагы жылуулукту бөлүп
чыгарат. Металл эместер м-н аракеттенет, металлдар м-н реакция жеңил ж-а активдүү жүрүп, сульфиддерди пайда кылат. К. эл чарбасында кеңири керектелет. Резина ө. ж-нда каучукту резинага айландыруу үчүн колдонулат. Каучук өзүнүн баалуу касиетине К. м-н аралаштырып ысытканда гана ээ болот. Мындай процесс вулканизация деп аталат. К. өсүмдүктөрдүн кээ бир зыянкечтерин жоготууда, ширеңкени, ультрамарин боёкторун, К-түү көмүртекти ж. б. бир катар заттарды даярдоодо пайдаланылат.