547-бет 2-бөлүк
Part2 556-бет же кудук тегерегине айдоо) көчүү; 3) «тике» (кыргыздар сыяктуу малды өрөөндөгү кыштоолордон бийик тоолуу жайлоолорго сүрүү) көчүү. Айрым элдерде (курддар, афгандар) К-түн отурукташкан, чала көчмөн түрү өкүм сүргөн. Көчмөндөр мал менен гана чектелбестен, дыйканчылык, соода-сатык, аңчылык менен да кесиптенишкен. Көчмөн калктар убактылуу чоң саясий бирикмелерге («көчмөн империялар») баш кошуп, чоң аймактарды каратып, тарыхый процесске таасир тийгизген. Көчмөн элдер материалдык (боз үй, анын жасалгалары, ат жабдыктары, айрым жоо куралдары, колдонмо исквонун үлгүлөрү ж. б.) жана рухий (баатырдык эпос, элдик оозеки лирикалык ырлар, жомоктор ж. б.) мад-ттын өзгөчө түрүн иштеп чыккан. Бирок К. коомдо уруулук мамилелер сакталып, өндүрүш жай өнүгүп, натыйжада социалдык мамилелердин өөрчүшү кечеңдеген. 19- к-дын аягы – 20-к-дын башында көчмөн элдерди отурукташтыруу ишке ашырылган. Учурда көчмөндөр цивилизациясынын башатында турган эң байыркы кыргыздардын турмуш-тиричилиги дүйнөлүк мад-ттын бир тармагы катары иликтенүүдө.
Ад.: Байбулатов Б. Социально-экономический строй Киргизии до Великой Октябрьской Социалистической революции. Ф., 1958; Жунушев К. Экономические предпосылки возникновения товарного хозяйства в дореволюционной Киргизии. Ф., 1963.