453-бет 2-бөлүк
453-бет 2-бөлүк
бир жылдык тарбиялоо ж-дө мыйзам кабыл алынган. Окутуунун жаңы системасы 4 жылдык башталгыч ж-а 6 жылдык орто мектеп. 1974–75-окуу жылында жалпыга милдеттүү 10 жылдык орто билим алууга мектеп окуучуларынын 95%и тартылган. 1975-жылдан кайра жалпыга милдеттүү 11 жылдык билим берүү башталган. 1980-ж. КЭДРде 4780 башталгыч, 4 125 толук орто, 600дөн ашуун жог. атайын орто билим берүүчү мектеп иштеген. 1990-жылдары 250гө жакын ЖОЖдору иштеп турган, а. и. Ким Ир Сен атн. Мамл. ун-ти (1946), Ким Чхек атн. Политех ин-ту, Вонсан а. ч. ин-ту, Хыннам политех. ин-ту бар. КЭДРде 1951-жылдары Борб. тоо-кен ин-ту, Табигый ж-а тех. илимдер б-ча Борб хим ин-ту, түзүлгөн. 1952-ж. КЭДР ИА негизделген. Пхеньянда Мамл. борб. китепкана (1945), Корея рев-я музейи (1948), Борб. тарых музейи (1928), Көркөм сүрөт өнөрүнүн борб. музейи (1954) бар. 1991-жылдан баштап ЖОЖдордо реформанын жаңы долбоору иштелип чыккан. Окуу жайлардын ичинде ин-ттар, атайын коллеждер ачыла баштаган. Калктын сабаттуулугу 99%ти түзөт (2008).
Массалык-маалымат каражаттары
. 5 млндон ашык гезит-журналдар чыгарылат (2008). «Минчжу Чосон», «Нодом синмун», «Чосон инмингун», «Нодон чхоннен» ж. б. күн сайын чыгуучу гезиттери, «Кыллоджа», «Чхоллима», «Чосон есуль», «Корея» сыяктуу ай сайын чыгуучу журналдары бар. 1945-жылдан Борб. ж-а Пхеньян радиостанциялары пайда болгон. Ал эми 1967-жылдан Борб. ж-а 1971-жылдан Кэсон телекөрсөтүүсү, о. эле Мамл. маалымат агенттиги – Корея телеграф агенттиги негизделген.
Адабияты
. 1945-ж. Түш. Корея япон. баскынчылыгынан бошотулгандан кийин 1950-жылдардын башына чейин Түш. Корей ад-тында улуттук көз карандысыздык үчүн күрөш ж-а Түш. Корей табиятынын кооздугу ж-дө жазышкан (Юн Тон Жу, Пак Ту Жин, Пак Мог Воль). Кээ бир жазуучулар ад-т аркылуу идеол. ж-а таптык карама-каршылыктарды көрсөтүүгө умтулушса (Ли Тхэ Жун), башкалары адам жашоосунун маани-маңызын түшүнүүгө аракеттенишкен (Ким Тон Ни ж. б.). 1950-жылдардагы прозада Түн. м-н Түштүктүн ортосундагы согуш (1950–53), анын терс таасири (Хван Сун Вон ж. б.) ж-а улуттук салт унутулуп бараткандыгы (Со Ки Вон) чагылдырылган. Поэзияда согуш темасына арналган (Чо Чи Хун, Ку Сан). 1960–70-жылдардагы прозалык чыгармаларда жаңы пессимисттик мотивдер пайда болгон (Чхве Ин Хун, Ким Сын Ок). Поэзия өзүнө батыш модернизм м-н салттуу лиризмди (Ли Хён Ги) айкалыштырылган. 1970–80-жылдардагы (индустриялаштыруу ж-а саясий куугунтуктоолор мезгили) ад-ттын негизги темалары – байлык м-н жакырлыктын ортосундагы айырмалар, инсандын деградациясы, ата-эне м-н баланын ортосундагы мамилелер (Чо Се Хи, Чхве Ин Хо, Пак Ван Со ж. б.). Поэзияда өкмөткө каршы маанай басымдуулук кылган (Ким Чи Ха ж. б.) 1980–90-ж. прозада адам м-н саясий системанын өз ара мамилеси, адамдын руханий, идеол. ж-а саясий зомбулуктарга каршылык көрсөтүүсү, корей элинин өткөндөгү, учурдагы башынан кечирип жаткан окуялары ж-дөгү (Хван Со Гён, Чо Чон Нэ, Пак Кён Ни) тарыхый романдары жазылган. Поэзияга эмгек темасы (Пен Но Хе), урбанизация мотивдери (Чхве Сып Хо) мүнөздүү болгон. 1990–2000-жылдардагы ад-тта корей жазуучуларынын корей улутунун экиге бөлүнүшү, салттык дөөлөттөр м-н индустриялыктан кийинки коомдун идеалдарынын ортосундагы келишпестик мамилеси чагылдырылган (Ли Мун Ёль ж. б.), акындар тарыхка (Ко Ын ж. б.), о. эле корейлердин заманбап жашоосуна (Чон Хён Джон) кайрылышкан. Корей Респ-нын поэзиясында адамдын руханий (буддисттик) тазаруу мотиви көрүнүктүү орунга ээ.
Архитектура жана сүрөт искусствосу
. 1950- жылдарда түзүлгөн КРда оор экон. жагдай 1960- жылдарда арх-ранын жаңы өнүгүү этабы чет өлкөлүк арх-ранын тажрыйбасын өздөштүрүүгө модернизм арх-расынын жетишкендиктерин байланыштуу таасирленүү м-н өнүгө баштаган. Чет өлкөдөн билим алган арх. Ким Чхунг Он. Ле Корбюзенин эмгектерине Сеулда Франция элчилигинин имараты (1962), «Самилло Билдинг» асман тиреген имаратын (1968–70) – корей архрасынын салттык элементтерин колдонуп, интернационалдык стилде долбоорлогон. Ким Су Гун экспрессионизм ж-а брутализм агымындагы арх-ралык курулуштарды долбоорлогон: Сеулдагы «Эркиндик Борбору» ансамбли (1962–65), Олимпиадалык стадион (1977–84), Чхонжудагы Улуттук музей (1979–87) салттык корей архрасына жакын. 1980-жылдарда К-да негизинен постмодернизм Түш. Чхунчхон провинциясындагы «Көз карандысыз залы» комплекси ж. б., стилиндеги курулуштар долбоорлонгон: Роден Музейи (1997). Самсунг Лиум иск-во музейи (2004, арх-лор М. Ботта, Ж. Пувель, Р. Колхаз), Сеулдагы кампусунун борбору Ихва аялдар ун-тинин (2008, Д. Перро) ж. б. 1950-жылдары көркөм сүрөт иск-восунда бир нече агымдар өкүм сүргөн. Салттык тушь живописинде иштеген сүрөтчүлөр пейзаж ж-а «гүл-чымчык» жанрында реалисттик батыш иск-восунун ыкмаларын колдонушкан (Но Су Хён, Хо Паек Нён) 1957-ж. түзүлгөн «Жаш сүрөтчүлөрдүн ассоциациясы» бирикмесине абстракттык экспрессионизмге ыктаган живописчилер кирип, кийинчерээк «Формалдуу эмес искусство» көркөм кыймылына кошулушкан (Пак Со Бо, Ким Чхан Йол, Юн Мён Но) алар Корей Респ-нын иск-восун 1960-жылдардагы өнүгүүсүн аныктаган о. эле салттык багыттагы сүрөтчүлөргө таасир берген. Скульптура да өнүккөн, көрүнүктүү өкүлдөрү: Юн Хе Жун, Квон Жин Гю, Ким Ген Сын. 1970- жылдары К-нын сүрөт иск-восунда «Монохром» бирикмеси чоң роль ойногон. 1980-жылдары Сон Су Нам ж-а Хон Сок Чан жетектеген «Сумукхва» («Тушь») кыймылы тушь живописи техникасына ыкташкан.
Музыкасы
. Муз. мад-ты негизинен батыш үлгүсүнө багытталган. Театр сахналарында европ. классикалык опералар коюлган (1948, «Травиата», Ж. Верди). Көптөгөн кореялык музыканттар чет өлкөдөн (АКШ, 1980-жылдары СССР, Россия) билим алышкан. 1980–90-жылдары мамлекеттин колдоосунда салттык классикалык ж-а элдик муз. мад-т кайрадан жаралган. Элдик музыканын мурастарын сактоо ж-а өнүктүрүү иштерин Сеулдагы Мамл. салттык музыка ж-а бий борбору жүргүзөт (1951-ж. классикалык музыканын Улуттук ин-ту катары түзүлгөн); муз. окуу жайларында корей классикалык аспаптарында ойноого үйрөтүшөт. Салттык аткаруучулардын арасынан ырчылар Ли Чу Ван, Ан Пи Чхви, Ким Ок Сим; аспапчылар Сон Кым Рен, Син Кве Дон (цитра каягым), Ли Сон Ге (чоор тэгым). КРда 1960–70-жылдары жаз музыкасы таралган, америкалык үлгүдөгү электргитара ж-а рок-музыка, электрондук аспаптар ж-а синтезаторлор колдонулган, поп-музыканын өзгөчө формасы өнүккөн. 1980-жылдары К-нын муз. мад-тына заманбап япон музыкасы таасир берген. Көп сандаган театрлар, ар кыл коллективдер, концерттик, ил. ж-а билим берүү мекемелери жайгашкан Сеул – муз. мад-тын очогу. Седжон атн. Мад-т борборунун концерттик залында чоң орган орнотулган (1978). Ири муз.- мад-т борборлору: Сеул иск-во борбору (1988– 93); Опера үйү (Опера театры, чоң ж-а кичине концерттик залдары м-н); о. эле Корей Респ-нын Улуттук театры, 30дан ашуун симф. оркестрлер иштейт. 1993-ж. Улуттук муз. мектеп (батыш тибиндеги биринчи консерватория) ачылган. Жыл сайын музыка, театр фестивалдары өтүп турат.
Театры
. 1945-ж Сеулда театр бирикмеси уюшулуп, ага коммунисттик идеологияны карманган коллективдер кирген. Ушул жылы Ли Кван Ре «Улуттук сцена» театрын түзгөн. 1950-ж. Сеулда К. Улуттук театры уюшулган. Анын негизги репертуарын заманбап драмалар, тарыхый пьесалар ж-а дүйнөлүк классика түзгөн (У. Шекспир, Мольер, Ф. Шиллер). 1958-ж. Сеулда «Вонгакса» театры ачылып, анда эксперименттик труппалар заманбап батыш драмаларын коюшкан (Т. Ульямс, Ж. Осборн). 1962-ж. драма борбору, 1973-ж. ошол кездеги Борб. Азия б-ча эң ири театр борбору – улуттук мад-тты кайра жаратуу сарайы ачылган. 1970-ж. башында Мадангык театры өнүккөн (маданг – ачык аянт).

Актуалдуу маселелерди козгогон спектаклдер ачык асман алдында жасалгасыз, бийи муз. коштоосу жок өтөт. 21-к-дын башындагы театр ишмерлери: Пак Ге Бе, Чоң Вун Бонг, Джо Хен Гон ж. б. Ар жыл сайын эл аралык театр фестивалдары Сеулда (1977-жылдан), Кочханда (1989), Сувондо (1996), «Сеул фринж фестивал»(1998) өтүп турат. 1980–2000-ж. Сеулда
«Конган Саранъ» театрынын Кичи залында, «Сэмто Паренсе» ж-а «Кумнаму» театрларында профессионал куурчак труппалары иштейт. Сеулда ж-а Пусанда эл аралык куурчак театрларынын фестивалдары өтөт.
Киносу
. 1940-жылдардын Корей кинематографиясынын өнүгүшүнө Түштүк м-н Түндүктүн ортосундагы согуш тоскоолдук кылган. Киноиндустрия 1953-ж. кийин жандана баштаган. Негизги жанры мелодрама болгон. «Чхунхай жөнүндө аңгеме» (1955, реж. Ли Гю Хван) фильми ийгиликке жетишкен. Көпчүлүк фильмдердин негизги каармандары өз тагдырын өзү аныктаган эрки күчтүү аялдар болгон. 1960-ж. фильмдердин жанрдык диапазону кеңейип, турмуштук комедиялар, жоокердик өнөрдүн элементтерин камтыган курч окуялуу фильмдер, аскердик драмалар чыгарылган. Корей кинематографисттери Голливуддун ж-а итал. неореализмдин тажрыйбасын үйрөнүшкөн. 1960-жылдардагы алдынкы режиссёрлор: Ким Ки Ён («Кызматчы аял», 1960), Кан Де Жин («Арабакеч», 1961, ЭКФ сыйл., Батыш Берлин), Ю Хен Мок («Жаздым тийген ок», 1961) Ким Су Ён («Деңиз жээгиндеги кыштак», 1965) ж. б. 1970-жылдары кинематография кризиске учураган. 1980- жылдары көңүл бурулуп, көпчүлүк фильмдердин авторлору динге – буддизмге, руханий изденүүгө, салттык тажрыйбага кайрылышкан («Мандала», 1981, реж. Им Квон Тэк; «Эмне үчүн Бодхидхарма чыгышка кетти», 1989, реж. Пе Ён Гюн). 1990–2000-ж. Корей Респ-нын фильмдери улуттук прокатта Голливуддун фильмдери м-н теңтайлашкан. Көп фильмдер 1950–53-ж. согушка, Кореянын бөлүнүп калуу трагедиясына арналган. 20–21-к-дагы Корея кино тармагынын чеберлери: Пак Хван Су («Күндүн чыгышы», 1999, ЭКФ сыйл., Локарно), Чан Сон У («Калп», 1999), Ли Чхан Дон («Оазис», 2002, ЭКФ сыйл., Венеция), ж. б. 1996-жылдан Пусанда, 2000-жылдан Чонжоуда жыл сайын Эл аралык кинофестивалдар өтүп турат.
Ад.: Юн И. 80 лет истории корейской архитектуры
западного стиля. Сеул, 1966 (на кор. языке); Страны и народы Зарубежной Азии. Восточная и Центральная Азия. М., 1982; Алексеева Н. Н. Современные ландшафты зарубежной Азии. М., 2000; Корея. Карманная энциклопедия. М., 2000; Ли Ги Бек. История Кореи: новая трактовка. М., 2000; Курбанов С. О. Курс лекций по истории Кореи: с древности до конца XX века. СПб., 2002; Толстокулаков И. А. Очерк истории Корейской культуры. Владивосток, 2002; Марков В. М. Искусство Республики Корея второй половины ХХ в. Владивосток, 2002; Чжин Хо О. Истоки корейского театра. М., 2003; Корея. Корейская Республика//Большая Российская энциклопедия. Т. 15. М., 2010.