204-бет, 2-бөлүк
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
204-бет, 2-бөлүк (Кашка-Дарыя вилаетине)
тешкен. Ошондой эле жеңил өнөр жайы (пахта тазалоочу завод, тигүү ж. б.) да иштейт. Газ да өндүрүлөт. Көркөм кол өнөрчүлүк (топуга сайма саюу, килем токуу ж. б.) ж-а жибекчилик өнүккөн. 1960-жылдан Мубарек газ-нефть кени өндүрүлө баштаган. Мубаректен өндүрүлгөн газ Ташкент – Бишкек – Алматы газ кууруна кошулат. Кашка-Дарыя вилаетинин айыл чарбасында дыйканчылык м-н мал багуу (анын ичинде каракүл кою) өнүккөн. Ири өнөр жай ишканалары: «Мубарекнефтгаз» ж-а «Шуртаннефтгаз» ААК.
Темир жолунун узундугу 350 км, автомобилдики 30 миң кмдей. Облустун аймагында Кызыл-Суу ж-а Мираки коруктары уюшулган.
Б. Амираева.