101-бет, 2-бөлүк
101-бет, 2-бөлүк
болгон майда мөңгүлөр жайгашкан. Жалпы уз. 470 км келген 193 куймасы бар; ирилери: Тайты, Шилбили-Сай. Куймалар өзүнчө тармакталган суулардын катарына кирет: Тайтынын жалпы уз. 27 км келген 21 куймасы, Шилбили-Сайдын 113 км келген 32 куймасы бар; Кууганды –
10 км, Кайыңды – 14 км, Сагызганды – 12 км,
Кой-Булак – 13 км. Чатынан 15 км жогору
К.-Б-га оң тараптан суу өткөрүү жөндөмдүүлүгү 4,0 м3/сек болгон Сайбай каналы кошулат.
Май – октябрда кирип, ноябрь – апрелде тартылат. Суусу мол, июлдун орт. чыгымы 11 м3/сек, суусу тартыш, февраль – апрелде 1,20 м3/сек.
Эң көп чыгымы 52 м3/секга жетет. Сугатка пайдаланылат. К.-Б-дан суу өткөрүү жөндөмдүүлүгү 5,95 м3/сек келген 8 сугат каналы чыгарылган.
Өрөөнүндө Кызыл-Адыр, Чоң Кара-Буура кыш. жайгашкан.