РАЗЗАКОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

РАЗЗАКОВ (мурдагы Исфана) – Баткен облусундагы шаар (2001-жыл­дан). Лейлек районунун административдик борбору. Кара-Суу­нун боюнда, деңиз деңгээлинен 1350 м бийиктикте жайгашкан. Облустун борбору Баткен шаарынан 130 км батыш тарапта. Пролетарск (Тажикстан) темир жол бекетинен 45 км түштүктө. Калкы 34232 (2022); негизинен дыйкан чарбасында эмгекте­нет. Шаардын курамына Ак-Булак, Голбо, Мырза-Пача, Тайлан, Самат ж-а Чимген кыштактары да кирет. Аэропорту бар. Бишкекке Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан аркылуу транспорттук каттам бар. Исфана шаардык кеңеши 21 депутаттан, 4 туруктуу комиссиядан турат. Шаар кеңешине караштуу жердин аянты 29 миң га; анын ичинде айдоо жер 6,6 миң га, сугат жер 1,2 миң га, кайрак жер 5,4 миң га, чабынды 800 га, жайыт 15,6 миң га, көп жылдык маданий өсүмдүктөр 130 га. Шаарда жалпы билим берүүчү 14 мектеп (анын ичинде 2 гимназия), 4 бала бакча, кесиптик-техникалык лицей, Бишкектеги эл аралык укук, финансы ж-а бизнес башкаруу академиясынын филиалы, маданият үйү, клуб, 3 китепкана, тарых ж-а край таануу, даңк ж-а И. Раззаков музейлери, мей­манкана бар. Исфана шаардык башкармалыгында ар түрдүү жеке менчикке таандык 82 ишкана, ме­кеме-уюмдар, айыл чарба кооперациялары, 8 банк фи­лиалдары, «Исфана» АКтын кыш заводу, менчик (3 кондитер, эмерек даярдоочу ж-а тигүү) санитардык- эпидемиологиялык станция, райондук оорукана, үй-бү­лөлүк медициналык борбор, 6 үй-бүлөлүк врачтар тобу, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, базар иштейт. Улуу Ата Ме­кендик согушта курман болгондорго ж-а И. Раз­заковго эстелик тургузулган.

Б. Амираева.