КӨЧҮРҮП КӨБӨЙТКҮЧ МАШИНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЧҮРҮП КӨБӨЙТКҮЧ МАШИ́НА – текст, чийме, иллюстрация сыяктуу материалдардын жана констр., технол. документтердин көчүрмөсүн алып, аны көбүрөөк нускага көбөйтүп басып чыгаруучу тех. каражат. Анын эки түрү бар.
Гектографика түрүндө (спирттүү) сүрөттөлүштү басуу, боёк менен кагаздуу формага (офсеттик фор­ма) сызуу же басуу аркылуу жүрөт. Офсеттик форма барабандын тегерегинде айланып кагаз аркылуу өткөрүлөт жана 300 нускага чейин көчүрүп көбөйтүүгө болот. Ал эми офсеттик фор­ма менен ротациялык басууда катуу мом же плас­тик капталган барак колдонулат. Сүрөттөлүш анын бетине терип-жазуучу машина же щуп менен кесилип түшүрүлөт. Андан кийин офсеттик форма астына жумшак материал капталып, сыя толтурулган барабан тегерегинде айланат жана кагаз аркылуу өткөрүлөт. Белгилүү басымда формадагы жылчыктар аркылуу кагазга сары­гат. Ар бир формадан 5 миң нускага чейин кө­чүрүп көбөйтүүгө болот. Азыр фотокөчүрмө кө­бөйткүчү менен алмаштырылууда.