КӨЧҮБАЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЧҮБАЕВ (1983-ж. чейин Ч е к - А б а д) – Ош обл-нун Араван р-нундагы кыштак. Чек-Абад айыл округуна караштуу. Райондун борбору Араван кыш-нан 8 км батыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 40 км. Кыштак 1850-ж. негизделген. Калкы 4963 (2007); негизинен дыйкан чарбала­рында эмгектенет. Орто жана жатак мектеп, эки китепкана, клуб, мечит, амбулатория, дарыка­на бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүм­дөрү, соода түйүндөрү, тамактануу жайлары иш­тейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман бол­гондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Соц. Эмг. Баатырлары Т. Көчүбаев (ысымы ушул кыш-ка берилген), М. Умарова, Д. Рафикова туулган.