КӨЧМӨ ТЕЛЕСТАНЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЧМӨ ТЕЛЕСТА́НЦИЯ – студиядан тышкар­кы теле берүүлөрдү жүргүзүүчү аппаратуралар комплекси. К. т-нын негизги өзгөчөлүгү жогор­ку мобилдүүлүгү, окуя болуп жаткан жерден түздөн түз алып көрсөтүү же жаздыруу болуп эсептелет. Алгач К. т. КМШ өлкөлөрүндө 1948- жылдан кара–ак түстөгү, ал эми 1968-жылдан тартып түстүү сүрөттөлүштөрдү алып көрсөтүүдө колдонулууда. К. т-нын курамына: автобуста монтаждалган телеаппаратура, алып жүрмө телекамералар, күчөткүч, микрофон, телеборбор менен байланыштыруучу аппаратура жана ага теле­сигналдарды берүүчү радиорелелик жабдуулар, генератор кирет. Тартып берүүчү камералардын автобустан четтөө аралыгы 2 км, микрофонду­ку 400 м. О. эле сыртка чыгаруучу бөлүктөрүн: радио бергич, параболалык антенна түзөт жана ал автобустагы башкаруу аппаратурасына ко­шулат.