КӨСӨ-ТЕРЕК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨСӨ-ТЕРЕК – Жалал-Абад обл-нун Базар-Кор­гон районундагы кыштак. Кызыл-Үңкүр айыл ок­ругуна караштуу. «Кызыл-Үңкүр» токой чарба­сынын аймагында, Кеңкол суусунун сол куйма­сы Көсө-Теректин боюнда, деңиз деңг. 1320 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар- Коргон кыш-нан 64 км түн.-чыгыш тарапта. Таш-Көмүр т. ж. бекетинен 96 км. Кыштак 1932-ж. орношкон. Калкы 1001 (2008); негизи­нен токойчулукта эмгектенет. Үч тегирмен, соо­да түйүндөрү иштейт.