КӨРҮҮ
КӨРҮҮ – организмдин көрүү органы (көз) аркылуу объектилер чагылдырган жарык шооланы баамдоо м-н тышкы дүйнөнү кабыл алуусу. К. омурткасыз ж-а омурткалуу жаныбарлардын басымдуу көпчүлүгүнө таандык. Эволюция мезгилинде жарык дүүлүктүргүчтөрүнө тандалма жооп кайтаруучу атайын жарык сезгич клеткалар (мис., сөөлжандын жабуучу ткандары) пайда болгон. К-сү жакшы өөрчүгөн жаныбарлар жарыкты көздүн жардамы м-н сезишет. Бардык омурткалуулардын ж-а көптөгөн омурткасыз жаныбарлардын жуп К. органдары баштын капталында же маңдайкы бөлүгүндө орун алган. Баш ж-а көз кыймылсыз абалда турганда, жаныбарлар жарыкты кабылдай ала турган мейкиндик анын К. талаасын түзөт. Ал өз иретинде бир көз м-н К-гө (монокулярдык) же бир убакта эки көз м-н К-гө (бинокулярдык) туура келүүчү зоналарга бөлүнөт, объекттин монокулярдык сүрөттөлүшү жалпы бир К. элесине чогулат. Физиол. функция катары К-нүн эң маанилүү касиети – өзгөрүлүп турган шартка ыңгайланууга жөндөмдүүлүгү. Көздүн тор челинде ар түрдүү узундуктагы жарык толкундарын сезгич фоторецепторлордун бир нече тибинин болушу, күндүзү, түнкүсүн, күүгүмдө К. мүмкүнчүлүгүн камсыз кылып турат. К-нүн курчтугу – анын сапатынын эң негизги көрсөткүчтөрүнүн бири. К-нү камсыз кылып турган дене курамаларынын жыйындысы К. системасын түзөт, к. Көрүү органы.