КӨРСӨТКҮЧТҮҮ ТЕҢДЕМЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨРСӨТКҮЧТҮҮ ТЕҢДЕМЕ – белгисизи даража көрсөткүчүндө камтылган теңдеме. К. т-нин жалпы чыгарылыш эрежеси жок. Ошондой бол­со да элементардык математикада К. т. берил­ген түрүнө жараша чыгарылат. Түрдүү (теңдеме­нин эки жагын тең логарифмалоо, өзгөрүлмөсүн алмаштыруу, бирдей негизге алып келүү, гра­фиктик ж. б.) жолдор м-н К. т-ни чыгаргандан кийин белгисиздин табылган маанилерин, шар­ты б-ча кайрадан текшерип чыгуу зарыл болуп эсептелген теңдеме. К. т-нин эң жөнөкөй түрү – ах=b, мында x – белгисиз чоңдук, a – бирге ба­рабар эмес берилген оң сан (a=1, a>0). Эгер b–0 болсо, анда бул теңдеме чыгарылышка ээ бол­бойт. Эгер b>0 болсо, анда х тин бул теңдемени канааттандыруучу бир гана мааниси болот. Эгер b саны ac түрүнө келтирилсе, көп учурда К. т-ни чыгаруу ax=ac түрүндөгү теңдемени чыгарууга алып келет. Демек, x=c бул теңдеменин жал­гыз чыгарылышы болот. Жалпылап алганда, эгер a>0 ж-а a=1 болсо, анда af(x)=ag(x) теңде­месин f(x)=g(x) теңдемеси м-н алмаштырууга болот. Чынында эле көрсөткүчтүү функция мо­нотондуу болгондуктан, алардын негиздеринин барабардыгынан көрсөткүчтөрүнүн барабардыгы келип чыгат. Тескерисинче, эгер f(x)=g(x) бол­со, анда af(x)=ag(x) аткарылат.