КӨМҮРДҮ СУУ МЕНЕН ТАЛКАЛОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨМҮРДҮ СУУ МЕНЕН ТАЛКАЛОО , к ө м у р катмарын суу менен жаракал о о - көмур кабаттарын суу м-н урдуруп, тал­калоо. Көмурду жер астынан суунун кучу м-н талкалап, ташып, жер устунө алып чыгуу.
Мында көмур гидромонитор же механогидрав­ликалык машина пайда кылган жогорку басым­дагы (5-10 Мг/м2) суунун энергиясы м-н талка­ланат. Суу борбордон качуучу насос м-н тутук аркылуу уңулмөгө забойго жиберилет. Ар кан­дай чоңдукта талкаланган көмур суу м-н агып, жук ташуучу унаага жуктөлуп, андан ары сыртка чыгарылат. Кен ылгоочу фабрикада кургатылат.
Гидрошахталарда тех.-экон. көрсөткуч көмурду «кургак» казып алууга караганда 1,5-2 эсе жо­гору болот.