КӨЛ ТААНУУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨЛ ТААНУУ , лимнология — кургактыктагы көлмөлөрдү (көл, суу сактагыч ж. б.) изилдөөчү илим. Көл чанактарын изилдөөдө гидрология, гидробиология, гидрохимия, гидрофизика, геоморфология ж. б. илимдердин ыкмалары колдонулат. К. т. илими көл чанактарынын түзүлүшүн ж-а өнүгүшүн, формасын, өлчөмүн, пайда болушун, көл түпкүрүндөгү чөгүндүлөрдү, суунун физ. ж-а хим. касиеттерин, алардын курамын ж-а өнүгүшүн, гидрол. режимин (суу балансы, термелүү деңгээли, толкундоосу, агымы, чайпалышы), муз кубулуштарын, гидрохим. өзгөчөлүктөрүн, өсүмдүк ж-а жаныбарлар дүйнөсүн изилдейт.