КӨЛ-СУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЛ-СУУ — Какшаал тоо тизмегинин бир тар­магы Сары-Белес тоосундагы көл. Ак-Сайдын оң куймасы - Көк-Кыянын алабында, деңиз деңг. 3514 м бийикте жайгашкан. Урап түшкөн тоо тектердин өрөөндү бөгөп калышынан пайда болгон. Аянты 4,5 км2, тереңдиги 20 мге чейин, суу куралуу аянты 488 км2. Өрөөндүн форма­сын кайталап, түндүктөн түштүктү карай 5 кмден ашык созулуп жатат. Туурасы 800-1000 м. Агып чыккан суу Көл-Суу деп аталып, Көк-Кыяга куят. Алабында жалпы аянты 2,7 км2ден ашык мөңгүлөр бар.