КӨЛ-АЛМАТЫ АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЛ-АЛМАТЫ АШУУСУ Иле Ала-Тоосунда, Көл-Алматы (Чоң Кеминдин оң куймасы) ж-а Чоң Алматы сууларынын башынан орун алган.
Бийикт. 3520 м. Ашууда соңку рифейдин гнейстүү гранит-диорит, тоналит, кварцтуу мон­цонит интрузия тектери жатат. К.-А. а. м-н Ка­закстандын Алматы обл-нун малчылары Чоң Кемин өрөөнүнө мал ашырат. Ашуу июнь айын­да ачылып, ноябрда жабылат.