КӨЛӨМДҮК АНАЛИЗ
КӨЛӨМДҮК АНАЛИЗ - аныкталуучу зат м-н эритмеде же газ фазасында реакцияга кирген реагенттин санын өлчөөгө негизделген сан анализи. Буга титриметрия ж-а газ анализи кирет. Титриметрияда аныкталуучу зат м-н реакцияга кирген титранттын көлөмүн өлчөйт. Реагенттин концент-сы белгилүү болгон эритмеси титрант деп аталат. Титрантты аныкталуучу заттын эритмесине бюретка аркылуу тамчылатып кошуу процесси титрлөө деп аталат. Титрлөө эквиваленттик чекитке, б. а. реакция бүткөн учурга чейин жүргүзүлөт. Ал индикатордун жардамы м-н аныкталат. Титрлөөгө сарпталган титранттын көлөмү ж-а концент-сы аркылуу заттын саны табылат. К. а-де колдонулуучу реакциялардын түрүнө карата кислота-негиздик, окистендирүү-калыбына келтирүү, чөкмөгө чөктүрүү ж-а комплекстүү бирикме пайда кылуу м-н титрлөө ыкмалары бар. Газ анализинде газдардын аралашмасындагы аныкталуучу газды тандап сиңдиргич сорбентке сиңдирип алгандан кийин аралашманын баштапкы көлөмүнүн азайышы б-ча анын көлөмү табылат.