КӨЛБАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨЛБАР – Тогуз-Торо өрөөнүндөгү суу, Көк- Иримдин оң куймасы (Нарын д-нын алабы). Тогуз-Торо районунда. Уз 40 км, алабынын аянты 161 км2. Куралуу аянтынын деңиз деңг. орт. бийикт. 2830 м. Негизинен кар, бир аз мөңгү сууларынан куралат. К-дын 35 куймасы бар. Жайында кирип, күзүндө тартылат. Июль айында ташкындайт. Жылдык агымынын орт. чыгымы 1,2 м3/сек, модулу 8,1 л/сек.км2.