КӨК ШИМҮҮР
КӨК ШИМҮҮР , к ө к к а т ы н (Salvia) – өсүмдүктөрдүн эрин гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Бир же көп жылдык өсүмдүк. Сабагы бутактуу, бийикт. 50– 60 смге жетет.

Калемчедей майда топ гүлү шыпыргыдай ири топ гүлдү түзөт, алар сабактын учунда жайгашат. Гүлдөрүнүн түсү мала кызыл, көгүш кызыл, кочкул көк. Жер жүзүндө 700гө жакын түрү, Кырг-нда 8 тү рү белгилүү. Өрөөндөн тартып тоонун субальпы алкагына чейинки боздоңдо, шалбаада, суу боюнда, жол, арык жээгинде, кээде аңызда өсөт. Бардык түрү эфир майлуу. Мускаттуу К. ш. айрым өлкөлөрдө атайын айдалат. Гүлүнөн эфир майы алынып, ал парфюмерияда, самын кайнатууда, шарап чыгаруу ө. ж-нда пайдаланылат. Мускаттуу К. ш-дүн жапайы түрү Кырг-ндын тоолорунда да кездешет. Дарылык К. ш. атайы өстүрүлүп, дары-дармек алынат. Ал түр чала бадал, бийикт. 30–70 см, жалбырагы майда, 0,5– 2,5% эфир майы бар.