КӨК СҮТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨК СҮТ – сүт сепаратору (сүт тарткыч) аркы­луу каймагынан ажыратылган сүт. Мындай сүттө 3,2% белок, 4,8% сүт канты, 0,05% май, 0,7% минерал заттар бар. Андан кургак же коюлтулган сүт, уй кымыз, быштак, ацидофи­лин, кефир ж. б. азык даярдалат. Жаш малга да берилет.