КӨК НИЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨК НИЛ , Б а х р - э л ь - А з р а к (ар. бахр – дарыя ж-а азрак – көк) – Эфиопия м-н Судан­дын аймагындагы дарыя. Нилдин оң куймасы.

Уз. 1600 км. Тана көлүнүн түштүгүрөөк жагын­дагы Чоке тоосунун түш.-чыгыш капталынан Кичи Аббай деп башталып, Тана көлүнө куят. Көлдөн Аббай д. агып чыгып, Судандын айма­гында К. Н. аталат. Тана көлүнөн 20 км төмөн Тис-Эсат шаркыратмасы (бийикт. 45 м) бар.
Аббай д-нда уз. 500 км, тереңдиги 900–1200 м ж-а эни 100–200 м келген каньон бар. Негизги куймалары – Рахат ж-а Диндер. Хартум ш-нын түндүгүндө Ак Нил м-н кошулуп, Нил д-н түзөт. К. Н. жамгырдан куралып, жылдык чыгымы өтө өзгөрүлүп турат: Хартум ш-нын жанында, февралда 127 м3/сек, августта 5822 м3/сек. Жылдык орт. чыгымы 1650 м3/сек. ГЭСтер ж-а суу сактагычтар курулган. Дарыянын чатынан 580 км жогору кеме жүрөт.