КӨК МЭЭ
КӨК МЭЭ (Coenuros–is) – малдын (көбүнчө койдун), кээде кишинин инвазиялуу (цестодоз тобундагы гельминтоз) ылаңы, oopycy. Multiceps multiceps тасма куртунун личинкасы пайда кылат. Ылаң КМШ өлкөлөрүнөн Борб. Азия, Закавказье респ-ларында, Казакстанда, Волга бою, Сибирде кездешет. Көбүнчө 2 жашка чейинки жаш мал ылаңдайт. Гельминт ит, карышкыр, чөө, кээде түлкүнүн ичегисинде мителейт. Булар бөлүп чыгарган мультицепс жумурткасын кой, эчки ж. б. тоют м-н кошо жеп, алар малдын ичегисинде личинкага айланып, канга өтөт, кан аркылуу мээге жетип, өөрчүп, ыйлаакча пайда кылат. Дарт 4 стадияда өтөт. 1-стадияда (16 күн) ылаңдын белгиси байкалбайт. 2-синде кой чочулап үркүп, булчундары тырышып, бир орунда тегерене берет. Айрым козулар өлөт. 3-стадия (2-А тымызын мезгил) 2,5–8 ай созулат. 4-стадиясында (2–3 жума) ылаңдын клиникалык белгилери күчөп, мал арыктап өлөт. Дарылоо – операция жолу м-н жүргүзүлөт. Алдын алуу ж-а каршы күрөшүү: өлгөн койдун же союлган дарттуу койдун башын Беккари чуңкуруна көөмп, ылаңдуу малды өз убагында бөлүү, жолбун итти жоготуу, чарбадагы итти жылына 4 жолу дегельминттөө.