КӨК ЖӨТӨЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨК ЖӨТӨЛ – балдардын катуу кармаган жугуштуу оорусу. Айрым учурда чоң кишилер да ооруйт. Оору башталгандан бир айга чейин жугуштуу. Козгогучу – бактерия. К. ж. оорулуу жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, сүйлөгөндө абага та­раган шилекей чачырандылары аркылуу жугат.
Жашыруун мезгили 2–15 күн. Бул оору, адатта 6–7 жума созулат, жөтөлүп, айрым учурда дене бир аз ысып, мурду бүтүп башталат. Жөтөл бара­бара, айрыкча түнкүсүн күчөйт. Оору күчөгөндө көгөрүп, ыкшып жөтөлөт, кусуп да жиберет. Мындай абал 2 жумадан 2 айга чейин созулат. Андан соң жөтөл басаңдайт, ыкшып жөтөлгөнү сейрек кармап, оорулуу айыга баштайт. Оору­луунун таза абада көпкө болушу абалды же­ңилдетет. Үч жашка чейин ж-а ден соолугу на­чар балдарда бронхит, өпкөнүн сезгенүүсү м-н коштолот. Айрым учурда ыкшып жөтөлбөй эле өтөт. Эгер бала тынбай жөтөлсө, өз убагында ооруну аныктоо үчүн врачка көрсөтүү зарыл.