КӨК БООР
КӨК БООР – омурткалуу жаныбарлардын ж-а адамдын ич көңдөйүндөгү жалкы орган. Ал ич көңдөйүндө сол жак сүбөөнүн алдында жайгашат. Кызыл ж-а ак пульпадан турган тыгыз капсула. Кишинин К. б-нун салмагы 150–200 г. Кызыл пульпа кандын формалуу элементтери, негизинен эритроциттер м-н толгон; ак пульпа лимфа тканынан пайда болуп, лимфоциттерди иштеп чыгарат. К. б. кан пайда кылууга ж-а жөнгө салууга катышат; бузулган эритроциттер, микроорганизмдер ж. б. канга түшкөн бөтөн заттарды кармап, коргоо функциясын аткарат. Андан сырткары К. б. кан ж-а гемоглобин резервуары болуп эсептелет. Организмде кандын формалуу элементтери тынымсыз бузулуп турат, ошондуктан кан пайда кылуучу органдардын негизги функциясы – кандын клеткалуу элементтерин үзгүлтүксүз толуктап туруу.