КӨК-ТОКОЙ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨК-ТОКОЙ – Талас районундагы кыштак. А. Нуржанов атн. айыл округуна караштуу. Талас суусунун сол өйүзүндө, Талас – Суусамыр автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 1500 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Көк-Ой кыш-нан 12 км чыгыш тарапта. Жамбыл т. ж. бекетинен (Казакстан) 110 км. Кыштак 1929-ж. негизделген. Калкы 2284 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, мончо бар.