КӨК-СУУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨК-СУУ – Алай өрөөнүндөгү суу, Кызыл-Суунун оң куймасы. Уз. 65 км, алабынын аянты 1105 км2. Чоң Алай районунда. Алай кырка тоосунун түш. капталындагы Абрамов мөңгүсүнөн башталып, капчыгайлуу өрөөн аркылуу түштүктү
карай агат. Ири куймалары: Асан-Коргон, Тегерек, Муз-Бел, Кулжа-Башы (оң), Ой-Бала, Дүңгүрөмө, Кара-Бел (сол). Негизинен кар, мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Жылдык орт.
чыгымы 10–12 м3/сек. Эң көп чыгымы июль–
августта, азы февраль–мартта байкалат. Апрель–
сентябрда кирип, октябрь–мартта тартылат.
Боюнан Жар-Башы, Кочкорчу кыш. орун алган.