КӨК-ОЙРОК ӨРӨӨНҮ
КӨК-ОЙРОК ӨРӨӨНҮ – Түн. Теңир-Тоодогу бийик тоо өрөөнү. Чоң Кемин өрөөнүнүн жогорку бөлүгү. Иле Ала-Тоосу м-н Күнгөй Ала-Тоонун аралыгында жайгашкан. Кемин районунда. Чоң Кеминдин оң куймасы – Кашка-Суудан Кемин-Челек тоо тоомуна чейин 80 кмдей. Туурасы 500 мден (таманы) 1 кмге чейин. Деңиз деңг. бийикт. 1550 мден 4771 мге чейин (Чок-Тал, Күнгөй Ала-Тоосу). Мегасинклиналь тибиндеги өрөөн; неотектон. мезгилдин Күнгөй Ала-Тоо м-н Иле Ала-Тоосу Түн. ж-а Түш. Кемин жаракалары м-н төмөн түшкөн ойдуң. Морфол. түзүлүшү б-ча К.-О. ө-н экиге бөлүүгө болот: жо-

горку бөлүгү Жинди-Суудан (Чоң Кеминдин оң куймасы) Кемин-Челек тоо тоомуна чейин
35 кмге созулат; жазылыгы 200–300 мден (Жинди-Суунун чатына жакын) 1 кмге чейин (Орто- Кой-Суу ж-а Чолпон-Ата сууларынын аймагында). Таманы ичке тилкелүү жогорку төртүнчүлүк доордун түздүктөрүнө, капталдары тик, тепши сымал өрөөндөн (Чет-Кой-Суу, Чолпон-Ата, Туюк-Алматы, Көл-Алматы, Ашуулуу-Алматы ж. б.) турат. Өрөөндү муз каптоо доорунда уз. 45 кмден ашкан мөңгү ээлеген. Азыр байыркы мөңгүнүн издери (тепши сымал өрөөндөр, төр, морена ж. б.) көп кездешет. Чолпон-Атанын төрүндө тепши сымал өрөөн даана байкалат.
Төмөнкү бөлүгү – Кашка-Суудан Жинди-Сууга
чейин созулган тоо-капчыгайлуу өрөөн. Уз. 45 км. Мында өрөөндүн таманы көбүнчө кууш
(200–300 м), капталдары тик. Иле Ала-Тоосунун
капталдары тик ж-а кыскараак келип, терең сайлар м-н тилмеленген. Күнгөй Ала-Тоонун этегин бойлото граниттен турган ассимметриялуу массив өрөөндүн таманынан тик көтөрүлүп турат. Граниттүү массив м-н Күнгөй Ала-Тоонун
аралыгында бийик (2800–3000 м) бөксө тоонун
тилкеси жатат. Өрөөндүн Тору-Айгыр, Жашыл- Көл, Куу-Карагайдын талаасы, Жая туштагы бөлүктөрү салыштырмалуу кененирээк (1 кмге
чейин), анткени төртүнчүлүк мезгилдин 1-жарымындагы катуу жер титирөөлөрдөн Шыгай, Бөлөкбай, Жашыл-Көл, Көл-Төр, Батыш Кара- Корум, Жая өңдүү зор жер көчкүлөр жүргөн. Түзүлүшүндө негизинен протерозойдун, палеозойдун кристаллдуу (сланец, гнейс, гранит-диорит, мрамор ж. б.) тектери басымдуу. Чалкан-Ата суусунун өрөөнүнүн капталында палеоген-неоген тектери көчүп, майда көлдөрдү пайда кылган. Климаты континенттик; январдын орт.
темп-расы –5...–10°С; июлдуку 12–15°С; жылдык жаан-чачыны 500–700 мм. Аймагында жалпы аянты 148 км2 келген 132 мөңгү жайгашкан. Негизги суусу – Чоң Кемин (куймалары:
Кашка-Суу, Карагайлуу-Булак, Бузулган-Сай,
Чоң Кой-Суу, Ак-Суу, Чолпон-Ата, Жинди-Суу ж. б.). Өрөөндүн ландшафты кооз. Субнивалдык суук чөл, альп ж-а субальп шалбаасы, ка-
рагай-бадалдуу токой, шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Кенен жайлоо; төрүнө чейин автомобиль жолу салынган. Туризм өнүккөн. Жаратылышы азырынча запкы чеге элек, экол. тең салмактуулук сакталган. Эгерде Алматы – Тамчы жолу курулса, бул аймактын жаратылышы кескин өзгөрүп, экол. жактан жагымсыз шарт түзүлүшү ыктымал.
Ад.: Природа Киргизии. Ф., 1962; Маречек Б. Р.
Туристические маршруты по Северу Киргизии. Ф., 1981; Исаченко А. Г. Ландшафтоведение и физикогеографическое районирование. М., 1990; Кыргыз жергеси. Б., 1990; Подрезов О. А. Горная метеорология и климатология. Б., 2000.
Ш. Качаганов.