КӨК-ОЙ
КӨК-ОЙ (1994-ж. чейин И в а н - А л е к с е е в к а) – Талас районундагы кыштак, райондун борбору. Көк-Ой айыл округуна караштуу. Талас суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңг. 1200 м бийикте жайгашкан. Облустун борбору Талас ш-нан 6 км түндүктө. Жамбыл т. ж. бекетинен 100 км. Кыштак 1912-ж. негизделген. Калкы 7500 (2007); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Эки орто мектеп, 3 китепкана, клуб, бала бакчалар, тех. лицей бар. «Манас үйү» никелешүү борбору, соода ж-а тамактануучу жайлар, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, оорукана, дарыканалар, мончо, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, АК иштейт.
Айылды пландоодо турак үйлөрдү, коомдук имараттарды ж. б. объектилерди өз-өзүнчө чогултуп жайгаштыруу байкалат. К.-О. кыштагы 1983-ж. «Кыргызгипрокурулуш» долбоорлоо интунда иштелип чыккан негизги план б-ча өнүгүүдө.