КӨК-МОЙНОК КӨМҮР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨК-МОЙНОК КӨМҮР КЕНИ Нарын обл-нун Жумгал районунда, Көк-Мойнок ойдуңунун ба­тыш жагында, Ак-Көл ж-а Талды-Булак суу­ларынын аралыгында. 1931-ж. геол. картасы түзүлгөн. 1946–51-ж. уран кенин издөө убагын­да көмүр кабаттарын табуу, 1956–57-ж. издөө­чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Көмүр төмөнкү юра катмарындагы туура кабак свитасы м-н байланышкан. Көмүрлүү катмар 8 кабатка бө­лүнгөн. Алардын ичинен 5 кабат өнөр жайлык мааниге ээ. Кабаттардын көбүнүн көмүрү (жер үстүнө жакын 3 мден 150 мге чейинкиси) күйүп кеткен. Кабаттардын калыңдыгы 39,60 мге че­йин. Сапаты б-ча үчүнчү күрөң көмүр маркасы­на (3 Б) кирет. Көмүрдүн орт. күлдүүлүгү 6,82%тен 25,40%ке, күйүү жылуулугу 25,12– 30,64 МДж/кгга чейин өзгөрөт. Кайрадан баа­ланган запасы С2 категориясы б-ча – 19,6 млн т, болжолдуу ресурсу 94,8 млн т.