КӨК-МОЙНОК АМЕТИСТ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨК-МОЙНОК АМЕТИ́СТ КЕНИ Ысык-Көл обл-нун Тоң районунда, Балыкчы ш-нан 20 км батыш тарапта, Чүй д-нын сол өйүзүндө, деңиз деңг. 1600–1800 м бийикте жайгашкан. 1979-ж. табылган. 1991-ж. издөө-баалоо иштери жүргү­зүлгөн. Кен аймагында таш көмүр мезгилинде пайда болгон метаморфизмделген чөкмө тек кат­мары ж-а аларды жиреп чыккан пермь мезги­линдеги аляскит гранити жатат. Аметист бул тектердин кошулган жериндеги жаракалуу тил­кедеги көңдөйчөлөргө, жаракаларга топтолгон.
Көңдөйчөлөр 50x50x50 смге, жаракалар – 5 смге жетет. Аметист узуну 3 см, эни 1,5 см келген тик кристалл түрүндө кездешет. Өңү кызгылтым көк. Кыр чыгарып сайкалдаса кубулуп жылтыл­дап турат. Зергердикте пайдаланып, кымбат баа­луу кооз буюмдарды жасоого жарактуу. Баланс­тагы запасы С1 категориясы б-ча 145,5 кг. КӨК-МОЙНОК–КАРА-КЕЧЕ КӨМҮРЛҮҮ РАЙОНУ, к. Кабак көмүр бассейни.