КӨК-МОЙНОК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨК-МОЙНОК – Ысык-Көл обл-нун Тоң районундагы кыштак. Көк-Мойнок айыл округуна караштуу. Чүй д-нын оң өйүзүндө, К ө к - М о йн о к ¹ 1 деңиз деңг. 1626 м, К ө к - М о й н о к ¹ 2 (Байдамтал) 1617 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Бөкөнбаев кыш-нан 134 км батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 15 км. Кыштак 1871-ж. негизделген. Калкы 1230 (2007; эки айылды кошкондо); негизинен мал асырап, тоют даярдашат. Эки орто мектеп, 2 китепкана, 2 клуб, 2 ФАП бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү ж-а бир нече соода жайлары иштейт.