КӨК-КЫЯ КӨМҮР КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨК-КЫЯ КӨМҮР КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Тогуз-Торо районунда, Фергана тоо тизмегинин түн.-чыгыш капталында, Көк-Кыя суусунун төрүндө. Кен Батыш ж-а Чыгыш болуп, эки участкага бөлүнөт. 1939-ж. издөө, 1943–55-ж. геол. картасын түзүү иштери жүргүзүлгөн. Көмүр туюк свитасынын ортоңку ж-а жогорку бөлүгү м-н байланышкан. Көмүрлүү кабаттардын ж-а кабатчалардын саны 50–60ка, калыңдыгы 0,04– 1,65 мге жетет. Көмүрдүн сапаты, технол. касиеттери начар изилденген. Күлдүүлүгү 4,53%тен 13,89%ке чейин, күйүү жылуулугу 34,05– 35,61 МДж/кг (8107–8507 ккал/кг). Болжолдуу ресурсту 114182 миң т.