КӨК-КЫЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨК-КЫЯ – Ак-Сай өрөөнүндөгү суу, Ак-Сай суусунун оң куймасы. Ат-Башы районунун аймагы аркылуу агат. Какшаал тоо тизмегинен башталат. Уз. 83 км, алабынын аянты 1050 км2. Жогорку агымында өрөөнү бирде кууш, бирде кеңейип, кээде салааларга бөлүнүп агат. Башталышында 3514 м бийикте, аянты 4,5 км2 келген Көл-Суу көлү бар. Негизинен кар, мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Ири куймалары: Ак- Сай-Ууру (29 км), Туюк-Бото-Мойнок (28 км), Кара-Бел (10 км) – оң; Туюк-Хожент (13 км), Хожент (11 км) – сол. Жылдык орт. чыгымы 3,75 м3/сек; эң көбү июлда, эң азы мартта байкалат. Сентябрда тартылып, майда кире баштайт.